Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын "Ала-Тоо" аянты жана бир катар көчөлөр автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
31-августта чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси:
- Чүй простпектинин Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
- Орозбеков менен Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүктөрү;
- Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Чыңгыз Айтматов, Манас проспекти, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн