Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Европа улутундагы адамдар курал жарактар менен кармалды

19.03.2020 17:34
611
Бишкекте Европа улутундагы адамдар курал жарактар менен кармалды


Бишкек шаарында 16-март күнү Европа улутундагы 2 адам курал жарактар менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 7-апрель көчөсүнөн шаар тургуну эки европа улутундагы адамды жана өспүрүмдү көрүп, биринен ок атуучу куралды байкап калгандыгын ички иштер органдарына телефон аркылуу кабарлаган.


Аталган дареке келген милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган Л.К. аттуу өспүрүмдү кармашкан. Ал өз ыктыяры менен 1 даана бычак жана 4 даана 12-калибрдеги ок-дарыларды өткөрүп берген.


Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Р.Д. жана агасы Я.М. кармалып, 98-беренеге ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


“Маалым болгон эки дарекке кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 1 даана 7,62- калибрдагы “Сайга” автоматы, 3 даана РПГ-18 куралы, 3 даана граната (жардыруучу каражат), 1 даана винчестер, 5,45-калибрдагы 248 дана ок жана 1 даана 12-калибрдагы ок, 9 мм болгон 85 даана ок, 10 мм болгон 171 даана ок, 7,62 мм болгон 700 даана ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 даана бет кап, автоматтын бир даана дикөнчөсү табылган. Андан сырткары аталган даректен 19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” баңгизаты менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган”, - деп кабарланат.


Учурда Ички иштер министрлигинин жана Бишкек ШИИББинин Криминалдык милиция кызматтарынын жана тергөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

Анда жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн курал-жарактар менен ок-дарыларга уюшкан кылмыштуу топтордун, 2019-жылы август айында массалык баш аламандыктарды уюштургандардын, ошондой эле 2020-жылдын март айында бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, массалык баш аламандыктарды уюштурган адамдардын тиешеси бар жогу боюнча иликтөө жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн