Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 21:59
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Бишкекте Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 I эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө

21.06.2022 17:00
745
Бишкекте Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 I эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө


Бишкекте Expo Eurasia – 2022 жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө.

Өнөр жай көргөзмөсү 21-23-июнь күндөрү Бишкектеги “Аю Гранд” соода борборунда кадимки режимде, ал эми www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн режимде өтүүдө.

Көргөзмөнү Россиянын "Зарубежэкспо" акционердик коому жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы биргеликте уюштурду.

Көргөзмөгө Кыргызстандан 100гө жакын компания, мындан тышкары Россия менен Ирандан келген компаниялар да катышууда.

Көргөзмө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн