Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте Гепаринди кымбат сатып жаткан дарыкана аныкталды

17.07.2020 14:30
1195
Бишкекте Гепаринди кымбат сатып жаткан дарыкана аныкталды


Бишкек шаарында дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан дарыкана аныкталды. Бүл тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын бири баасы 300 сомдон кымбат болбошу керек деп көрсөтүлгөн Гепарин препаратын 435 сомдон сатып жатканы аныкталган.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.


Финпол эскертет! Пандемия шартында дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан, мыйзам бузган фармкомпаниялардын жана дарыкана пункттарынын, дарыкана күркөлөрүнүн аталышы толук жарыяланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн