Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте “Ысык-Көл досторду бириктирет” эл аралык этно-карнавалы өттү

08.07.2022 11:50
1473
Бишкекте “Ысык-Көл досторду бириктирет” эл аралык этно-карнавалы өттү


Бишкекте тоо экотутумун коргоо жана климаттын туруктуулук жылына арналган иш-чаралардын алкагында “Ысык-Көл досторду бириктирет” эл аралык этно-карнавалы өттү.

Жүрүшкө Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 500дөн ашык балдар жана өкүлдөр катышты.

Катышуучулар «Ала-Тоо» кинотеатрынан баштап, колонна Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин барып, Жеңиш аянтында аяктады. Анда катышуучулар Өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты.

Андан ары программа боюнча иш-чара «Ала-Тоо» ресторанынын амфитеатрында өттү, андан кийин карнавал Ысык-Көлдө уланат.

Карнавалды КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору уюштурду.

Белгилей кетсек, эл аралык этно-карнавал 12-июлга чейин өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн