Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат

29.09.2023 11:10
281
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат


Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин тогузунчу жыйыны өтүп жатат.


Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда. Мындан сырткары, Шериктештик мамлекеттеринин ишкерлери дагы келген.


Аталган аянтчада өнөр жай саясаты тармагындагы маселелер жана экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу талкууланат. Ошондой эле кадрдык потенциал, химиялык өнөр жай, калдыктарды кайра иштетүү, кеме куруу, энергетикалык коопсуздук, илимий-инновациялык өнүктүрүү жана машина куруу маселелери каралат.


Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкө фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.


Эске салсак, быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн