Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте КРнын шаарларынын мэрлеринин форуму өтүүдө

06.07.2022 11:23
409
Бишкекте КРнын шаарларынын мэрлеринин форуму өтүүдө


Бишкекте КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда Кыргызстандын 32 шаарынын мэрлеринин форуму өтүүдө.


Иш-чаранын алкагында шаарлардын мэрлери балдар менен жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, маселелерди чечүүгө жаштардын активдүү жана бирдей катышуусу үчүн шаарлардын кызматташуусун жана аракеттерин өнүктүрүү максатында жолугушушкан.


Форум өкмөттүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы №487 «Балдарга жана жаштарга достук шаар» сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун ишке ашыруу, шаарларды инклюзивдик саясатты ишке ашырууга стимулдаштыруу жана балдарга жана жаштарга багытталган ресурстарды бөлүштүрүү алкагында өтүп жатат.


Белгилей кетсек, бул сынак министрлер кабинети менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн биргелешкен демилгеси менен «Балдарга жана жаштарга достук муниципалитеттер» программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн