Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

09.04.2024 10:42
262
Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы ишетр министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жейхун Байрамовдун жолугушуусу өтүүдө.

Өз ара саламдашуудан кийин министрлер тар курамда сүйлөшүү үчүн жыйындар залына бет алышты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен тараптар жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашат.

Эске сала кетсек, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 8-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн