Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Кыргызстан менен Индонезиянын бизнес коомчулугунун катышуусунда форум өтөт

07.09.2023 14:49
413
Бишкекте Кыргызстан менен Индонезиянын бизнес коомчулугунун катышуусунда форум өтөт


Бишкекте 11-сентябрда Кыргызстан менен Индонезиянын бизнес коомчулугунун катышуусунда форум өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында өтмөкчү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен болгон жолугушуусунда айтылды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, халал-индустрия жана патенттик укук чөйрөсүндө мындан аркы өз ара аракеттешүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча перспективалар талкууланды.

Өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында тараптар саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт тармактарындагы типтүү макулдашуулардын долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн