Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өттү

25.05.2024 17:19
210
Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өттү


Бишкекте 19-25-май аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн