Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйыны өттү

09.01.2024 16:25
210
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйыны өттү


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен VI жыйыны өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки тараптуу делегацияны Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Хакан Фидан жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкууланды: Тактап айтканда:

  • эки тараптуу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу;
  • экономика, соода жана инвестициялар;
  • аскердик-техникалык кызматташтык;
  • билим берүү жана саламаттыкты сактоо;
  • жарандардын укуктарын коргоо жана өз ара сапарлардын жана өлкөдө жүрүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана региондо болуп жаткан күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн