Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте Кыргызстан жана Кувейт ТИМдеринин үчүнчү саясий кеңешмеси өттү

13.06.2024 16:14
278
Бишкекте Кыргызстан жана Кувейт ТИМдеринин үчүнчү саясий кеңешмеси өттү


Бишкек шаарында Кыргызстан менен Кувейттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы үчүнчү саясий кеңешмеси болуп өттү.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, кувейт тараптан министрдин жардамчысы, Кувейт Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору Самих Иса Аль-Жаухар Хаят жетектешти.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулады.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча бирдиктүү пикир алмашты.

Министрдин орун басары Авазбек Атаханов эки өлкөнүн экономикалык потенциалындагы биргелешкен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Араб координациялык тобунун (АКГ) алкагында ошондой эле “Борбор Азия – Араб кызматташтык кеңешинин” форматында өз ара аракеттенүүнү тыгыз активдештирүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, кеңешмелердин жүрүшүндө эл аралык кун тартибинин бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Тараптар аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоого өз ара кызыкдар экенин, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен аракеттердин актуалдуулугун белгилешти.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында, атап айтканда, БУУда, ИКУда жана башкаларда бири-бирине колдоо көрсөтүү менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн