Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте Кулиев көчөсүндөгү сойкукананын айынан милициянын башчысы менен аким иштен алынды

25.12.2023 17:26
424
Бишкекте Кулиев көчөсүндөгү сойкукананын айынан милициянын башчысы менен аким иштен алынды


Мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүү жайларына бөгөт коюунун алкагында Бишкектин ГОМ-8 жетекчиси жана Биринчи Май районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө.


«Акыркы 30 жыл аралыгында Бишкектин Кулиев көчөсүндөгү сойкуканаларды билбеген бир дагы адам калган жок. Ушунча аракет болду, бирок жаба алышпады. Бирок биз аны аткардык. Өткөн аптада бул көчөдө дагы бир интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталган. Көзөмөлдүн жоктугу үчүн Биринчи Май ГОМ 8 башчысы жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими ээлеген кызматынан бошотулуп, 10 милиция кызматкерине, мэрияга жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлдү», - деди ал. 


Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун акими Мурат Осмонов, ГОМ-8дин башчысы Сталбек Токтогазиев аталган аймакты көзөмөлдөгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн