Теке 18, 2025
Убакыт: 15:10
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Бишкекте Маданият министрлигине автобустар тапшырылды

18.07.2025 10:52
21
Бишкекте Маданият министрлигине автобустар тапшырылды


Бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жаңы унаалар салтанаттуу түрдө тапшырылды.


Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Маданият министрлигине караштуу маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жалпы 72 унаа тапшырылды.


Анын ичинен:

51 орундуу - 5 чоң автобус

37 орундуу -10 автобус

15 орундуу - 57 маршрутка.


Белгиленгендей, тапшырылган унаалар маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат.


Бул техника аймактарда логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам ишке ашырууга жана түзүлгөн кырдаалдарга өз учурунда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.


Иш-чара өлкөдөгү маданият менен жаштар саясатын өнүктүрүүгө арналган кеңири реформалардын алкагында ишке ашууда.


Министрлик автопаркты жаңылоо эми уюштуруу иштерин жакшыртып, өлкөнүн маданий жана маалыматтык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорду ишке ашырууну тездетет деп ишенет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн