Бишкек шаарынын мэриясынын жол-транспорт департаменти Медеров көчөсүнүн чыгыш тарабы, тагыраак айтканда, Элебаев көчөсү менен кесилишкен бөлүгү 11-майдан 23-майга чейин жабылганын билдирди.
Маалым болгондой, көчөнүн аталган бөлүгүндө "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук түтүктөрү орнотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн