Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 02:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бишкекте Нооруз кандай майрамдалат? Мэриянын майрамдык программасы

15.03.2022 13:53
897
Бишкекте Нооруз кандай майрамдалат? Мэриянын майрамдык программасы


Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык иш-чаранын программасын иштеп чыкты.

21-март күнү эртең менен саат 10:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган оюн-тамаша жана ата мекендик эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа башталат.

Саат 15:00дөн тарта шаардык сейил бактарда түрдүү иш-чаралар уюштурулат:

- "Ынтымак-1" сейил багында шаардыктар үчүн мастер-класстар уюштурулуп, салтуу кийимдер көрсөтүлөт. Ошондой эле чыгармачылык топтордун концерти өтөт.

- "Ынтымак-2" паркында улуттук тамак-аш, суусундуктардын, кийим-кечелердин жана декоративдик-прикладдык искусствонун көргөзмөсү уюштурулат.

- "Ден соолук" сейил багында түрдүү спорттук иш-чаралар өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн