Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленбейт

18.03.2021 18:55
982
Бишкекте Нооруз майрамы  белгиленбейт

Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленбей турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Муниципалитет коронавирус инфекциясына байланыштуу борбор калаада массалык иш-чараларга чектөө киргизилгенин белгиледи.


Ошондой эле башка мамлекеттерде вирустун жаңы штаммы табылып жаткандыктан Ноорузду өткөрбөй эле коюу чечими кабыл алынганы айтылат.


Мындан сырткары, курч кармаган вирустук инфекциялар менен кайрылгандар көп болуп жатканы кошумчаланды. Буга байланыштуу райондук акимиаттардын башчыларына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн