Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте Нооруз майрамына карата кандай иш-чаралар өтөт?

19.03.2024 09:44
148
Бишкекте Нооруз майрамына карата кандай иш-чаралар өтөт?


Мэриянын маалымат кызматы 21-март, Нооруз майрамында, ордо калаада өтчү иш-чаралардын программасын жарыялады.


Билдирмеге караганда, 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамга карата "Ала-Тоо" борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланууда.


"Бул күндөрү көргөзмө, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш зоналары уюштурулат", — деп жазылат кабарда.


Мэриянын майрамдык программасы:

- 20-март саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат;

- 21-март саат 9:00дө башкы аянтта майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22:00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт;

22-март саат 10:00дө улуттук спорттук оюндар башталып, саат 14:00дөн 22: 00гө чейин концерттик программа тартууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн