Бишкекте учурда кыргыз Эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта уюштурулган коштошуу иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана бийлик өкүлдөрү катышууда.
Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Эске сала кетсек, Омор Султанов 2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында дүйнө салды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн