Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Орозо айт намазын өткөрбөө сунушталды

06.05.2021 10:34
759
Бишкекте Орозо айт намазын өткөрбөө сунушталды

Мэрия шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Орозо айт намазын өткөрбөөнү сунуштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.


"Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус жугуштуу оорусунун алдын алуу үчүн төмөнкү чараларын сунуштайт: Эл көп чогулуучу оюн-зоок программалары, ар кандай маарекелер, салтанаттуу үлпөттөр, орозо учурундагы ооз ачуулар жана башкаларды чектөө. Ооз ачууну өткөрүүдө залдын 50 пайызын толтурууну камсыз кылуу жана социалдык аралыкты сактоо менен отургузуу, убакытты чектөө.


Жума намазын мечитте жамаат менен окууга тыюу салынат. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин ооз ачуудан кийинки таравих намазына топтолбой үйдө окуу сунушталат. Чыңалып турган эпидемиологиялык кырдаалга жакында өтүүчү көп сандаган эл чогулчу айт намазын өткөрбөө сунушталат. Жеңиш күнүн белгилөө сөзсүз түрдө эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чечилиши керек", - деди Рыскулбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн