Бүгүн Бишкекте эски аянтта 35 миңдей адамдын катышуусунда Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Орозо айт намазы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын башчысы Замир кары Ракиевдин башчылыгында аткарылды. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун төрагасы, Талант Мамытов баштаган өлкө жетекчилери катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн