Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте “Ожак кебап” кафесинин кеңейтилген бөлүгү бузулууда

24.10.2023 16:20
224
Бишкекте “Ожак кебап” кафесинин кеңейтилген бөлүгү бузулууда


Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги “Ожак кебап” кафесинин кеңейтилген бөлүгү бузулууда. Кеңейтилген аянты 279 кв.м.


Окуя болгон жерде вице-мэр Нурдан Орунтаев, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүрүшөт.


Бузуу иштерин жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, ЖК «Тазалык» жана «Бишкексвет» ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.


Бул жер ижарага берилип жатканын Нурдан Орунтаев билдирди. Комиссиянын 8-августтагы чечими менен келишим токтотулган. 22-августта Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү тараткан.


«Бул жер тилкеси тротуарларды кеңейтүү максатында бошотулуп жатат. Келечекте жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу пландалууда», - деди Орунтаев.


«Ожак Кебап» кафеси Чүй проспектиси менен Шопокова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн