Бишкек шаарынын И.Панфилов атындагы паркында Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И.Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Э.Тердикбаев, Россия Федерациясынын Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В. Козлов, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын өздүк курамы жана шаар тургундары, келген коноктор катышты.
Иш-чарада генерал-майор И.В.Панфиловду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Ардак кароол ротасынын 3 жолку залп менен ок атуусу болду. Ошондой эле эстеликке гүлчамбарлар коюлду.
Иш-чара И. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жана Улуттук гвардиянынын ардак кароол ротасынын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.
1941-жылы 5-декабрда, тактап айтканда мындан туура 80 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушта немецтик-фашистердин баскынчылыгына каршы Кызыл Армия негизги контр чабуулга өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн