Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин отуруму өттү

21.12.2023 17:24
269
Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин отуруму өттү


Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин 18-отуруму болуп өттү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, отурумга финансы министри Алмаз Бакетаев катышты.

Министр валюталык активдерди алмашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан финансылык операциялардын ийгиликтүүлүгү тууралуу билдирип, бул келечекте фонд үчүн бизнести улуттук валютада каржылоону көбөйтүү боюнча мыкты мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгиледи.

Күн тартибинде РКӨФ ишмердүүлүгү жөнүндө актуалдуу маселелер талкууланды, атап айтканда, кредиттик портфелдин сапатын жакшыртуу боюнча иштин жыйынтыктары, РКӨФнын 2024-жылга карата бюджетин жана финансылык планын бекитүү, РКӨФ стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жол картасы каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча фонддун кеңешинин 20дан ашык чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-декабрына карата 3 миң 383 жактырылган долбоор боюнча 612 млн АКШ доллары каржыланган, анын ичинде түз каржылоо боюнча – 116 долбоор (375 млн АКШ доллары) жана чакан орто бизнести колдоо программасы боюнча – 3 267 долбоор (237 млн АКШ доллары).

Фонддун долбоорлору агроөнөр жай комплекси жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өнөр жай өндүрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм, медицина, билим берүү жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду кошкондо өлкөнүн экономикасынын бардык артыкчылыктуу тармактарын камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн