Бүгүн, 22-мартта Бишкектеги Горький атындагы скверлер кыргыз-орус кызматташтыктыгын колдогон митинг өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Уюштуруучулардын айтымында, бул митиг тынчтык митинги жана эч кандай саясий боёгу жок. Митингдин максаты Россияда эмгектенген мекендештерди колдоо болуп саналат.
Митингге буга чейин эски аянтка Путиндин сүрөтү менен ат минип чыккан Абдылда Капаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова жана башка жарандар катышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн