Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Шакиев баштаган депутаттар Жеңиш майрамына арналган иш-чарага катышты

09.05.2024 15:39
177
Бишкекте Шакиев баштаган депутаттар Жеңиш майрамына арналган иш-чарага катышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле салтанатта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, ардагерлер, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду.

Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди.

Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгилеп: "Аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн. Жалпысынын согушка 360 миңдей мекендешибиз аттанган”, – деди.

Муну менен катар Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Талгат Бегелдинов, Калыйнур Үсөнбеков, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин өңдүү баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айткан Төрага: “Албетте, согуш майдан талаасында гана болгон эмес. Орукта да оор турмуш өкүм сүрүп, карылар, кыз-келиндер жана жаш балдар күнү-түнү эмгектенишкен. Кыргызстанга көчүрүлүп келген көптөгөн өнөр-жай ишканаларына жергиликтүү эл жумушка тартылып, кыска убакыт аралыгында фронт үчүн керектүү продукциялар өндүрүлүп баштаган”,– деп кошумчалады.

Андан тышкары, кыргызстандык жоокерлер Ленинград шаарын бошотууга активдүү катышып, кан күйгөн согушта каармандык менен душмандарга каршы күрөшкөнүн айткан Нурланбек Шакиев: “Биздин боорукер, меймандос элибиз согуш маалында Кыргызстанга баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, өгөйлөбөй өз боорлоруна тарткан. Айрыкча жаш балдарды өз баласындай асырашкан. Алсак, согуштун алгачкы жылдары эле 41 балдар үйү Кыргызстанга көчүрүлүп, 3 жарым миңдей бала Ала Тоого алынып келинген. Анын ичинен Ленинград блокадасында калган 150дөй баланы 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова аттуу апабыз өз карамагына алып, бакканын сыймыктануу менен эскеребиз”,– деди.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш дүйнө тарыхындагы эң кандуу жана адамзатка чоң сабак болчу окуя экенин билдирген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Тилекке каршы, жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлеринин катары жыл санап азаюуда. Биз ошол кандуу согушка катышкандарга, орукта күнү-түнү иштеп, эмгек кылгандарга, акыркы ырыскысын да фронтко жөнөтүп, үмүт менен жашаган ошол учурдун каармандарына таазим этебиз. Согушка катышкан ардагерлерибизди баатырлар деп санасак, орукта кызмат кылып, согуштун азабын тарткан ар бир мекендешибизди Улуу Ата Мекендик согуштун каармандары деп аташыбыз керек”, – деп баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда ардагерлерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тиледи.

Андан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында төрага Нурланбек Шакиев баштаган жетекчилер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик тамактан ооз тийишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн