Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте Сапар Исаковдун тарапташтары митингге чыгышты

09.06.2020 12:58
1004
Бишкекте Сапар Исаковдун тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында мурунку премьер-министр Сапар Исаковду колдогон митинг өтүп жатат. 


Митингге 20га жакын адам катышууда. Алар Сапар Исаковду бошотууну талап кылышууда.  Колдоочулардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер дагы бар. 


Ошондой эле, соттун имаратынын жанында президенттин аппаратынын мурунку бөлүм башчысы Мира Карыбаеванын тарапташтары дагы митингге чыгышкан. 


Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейин кайра калыбына келтирүү иштериндеги коррупциялык схема боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун иши каралууда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн