Бүгүн, 28-августунда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын жана Палестина Мамлекетинин тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде расмий кыргыз-палестин сүйлөшүүлөрү башталды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Палестина Мамлекетинин Тышкы иштер жана экспатрианттар министри д-р Рияд Аль-Малики менен регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайт.
Тараптар ошондой эле кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулап, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу тууралуу бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн