Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу сунушталды

14.04.2021 09:34
2264
Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу сунушталды

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Анкарада Түркия Республикасынын президентинин пппаратынын Коммуникация кызматынын башчысы Фахреттин Алтун менен жолукту.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маанилүү маектин жыйынтыгында маалымат айдыңындагы кызматташуунун жаңы келишимине кол коюу сунушу берилди.

Мындан тышкары, эки өлкө коомчулугун кино жана сериалдарды алмашуу аркылуу ары кызыктуу, ары пайдалуу контент менен камсыз кылуу аракетин ишке ашыруу боюнча конкретүү кадамдар белгиленди.

Ошондой эле Фахреттин Алтун жакынкы арада медиа кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу демилесин сунуштады. Ошону менен катар эки өлкө ортосундагы достуктун символу катары жемиштүү иш алып барып, Орто Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин билим берүүдөн сырткары, маданий чөлкөмдө да маанилүү борбор иретинде кызмат өтөөрү белгиленип, бул багытта орток долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Фахреттин Алтун аталган университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы катары баардык тараптан тыгыз иш алып барууну демилгеледи.

Өз кезегинде министр Кайрат Иманалиев маалымат жана медиадагы бай тажрыйбасына таянуу менен ар сунушка негиздүү пикир калтырып, кызматташуун эффективдүү жолдорун айтып, жолугушуу максаттуу жыйынтыкталды.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда, буга чейин КТРК жана Эл ТР каналдарынын кызматкерлеринин ТРТга тажрыйба алмашып келген телерадио кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүк кайрадан улана тургандыгы белгилүү болду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аскат
Ачылышы керек. Орустардын ТВларына альтернативдүү маалымат булагы болот