Бишкекте Жеңиш аянтында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүүдө. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Митингчилер Кыргызстандагы ар кандай күчтөр электр энергиясына жана жол киренин көтөрүлүшүнө нааразы болуп митинг уюштурууга аракет кылып жатканын айтышты.
"Биз айрым саясий күчтөрдүн жана НПОлордун аракетине каршы митингге чыктык. Алар электр энергиясына болгон тарифти жана жол киреге болгон тарифти көтөрүүнү шылтоолоп митинг уюштурууга аракет жасоодо. Биз алардын митингдерине каршыбыз",- деди митингчилердин бири.
Алар элди сабырдуулукка чакырышты.
Пикирлер (5)