Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Тажикстан менен жерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүү өтөт

21.01.2020 13:52
871
Бишкекте Тажикстан менен жерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүү өтөт

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча Тажикстан менен бир пикирге келгенин ачыктады.

Анын айтымында,  эки участокту алмашуу боюнча тажик тараптан да, биз тараптан да макулдук бар. Ал участоктор Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы  Самаркандек участкасы болуп эсептелет. Бул маселе боюнча Тажикстандын жумушчу тобу менен 22-январда Бишкекте жолугушуу болот.

Бүгүнкү күндө эки тараптын адистери алты жолу жолугушуп 134 топографиялык жер картасын даярдашып, чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтор 120 чакырымдан ашык жерди жөө басып чыгып, изилдөө иштерин өткөрүшкөн. Бул иштердин жыйынтыгында 114 чакырым чек ара тилкеси бардык карталар боюнча туура келери аныкталды.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Тажикстан тарабы менен 114 чакырым жерди бекиткенге мүмкүндүк болуп жатканы менен укуктук негизде пикир келишпестиктер бар. Эртең Бишкекте өтө турган кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүндө ушул маселени чечүүнүн жолдору да каралмай болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн