Бишкек шаардык Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдык көрүп баштады. Бул тууралуу 7-августта борбордун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологдор күзүндө экинчи толкун болорун божомолдоп жатышат.
"Буга байланыштуу тез жардам кызматы азыртадан тарта даярдыкты баштады. Күзүндө сезондук сасык тумоо оорусу дагы күч алат. Биринчи кезекте коргонуучу костюмдарды, медициналык каражаттарды даярдап жатабыз", - деди Искендер Шаяхметов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн