Бугу 21, 2025
Убакыт: 17:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Бишкекте Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушу кызуу жүрүүдө

21.05.2025 10:59
20
Бишкекте Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушу кызуу жүрүүдө


Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушун көрсөттү.


Маалыматка ылайык, борбор 34 миң 500 чарчы метр аянтты ээлеген көп тармактуу медициналык комплекс болот.


"Курамына беш блок кирип, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Имараттын чатырында санитардык авиация менен бейтаптарды ыкчам ташуу үчүн заманбап тик учак конуучу аянтча курулат. Мамлекеттик бюджеттен курулушка 3 миллиард сом бөлүнүп, курулушка 100дөй жумушчу тартылган. Борборду келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.


Оорукана 500 кишиге эсептелип, жандандыруу, операциялык бөлмөлөр, кабыл алуу, амбулатория, клиникалык-диагностикалык жана бактериологиялык лабораториялар, физиотерапия болуп, жалпысынан 11 адистештирилген бөлүмдү камтыйт.


"Кыргызстанда биринчи жолу спорттук жаракаттар боюнча адистештирилген бөлүм ачылып, спортчулар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышат", — деп жазылган маалыматта.


Эске салсак, аталган борборго 31-мартта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев капсула салган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн