Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 12:22
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

01.11.2024 10:26
457
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI саммити өтөт. Алдыдагы Саммиттин темасы - “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.

Кыргыз Республикасынын Уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин - Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн