Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте Түркияга жардам чогултуу пункттары иштеп жатат (дареги)

13.02.2023 12:09
236
Бишкекте Түркияга жардам чогултуу пункттары иштеп жатат  (дареги)

Бишкек шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, учурда гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк түрүндө кабыл алынат.


Чогултуу пункттары төмөнкү даректе жайгашкан:


Биринчи май району боюнча пункт: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;


Ленин району боюнча: Чүй пр. № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;


Октябрь району боюнча: Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;


Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.


Ошондой эле, табигат кырсыгынын кесепеттерин жойууга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн