Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн 100 орундуу бала бакча ачылды

18.06.2024 15:50
211
Бишкекте УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн 100 орундуу бала бакча ачылды


Бүгүн Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда 100 орунга эсептелген "Мекендин келечеги" бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, төрага атайын кызматтын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.

Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн