Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 09:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Бишкекте УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды (фото)

18.08.2022 14:30
928
Бишкекте УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды (фото)

УКМК: Бишкек шаарында УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

 2022-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Кыдыршаевич Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Бишкек шаарында, КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. 


УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, ачылыш аземге КР УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.


    Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. 


     КР УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип, ошондой эле коррупция менен күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн