Бишкектин Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта автокаттам үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:
- Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;
- Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.
Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү автокаттам үчүн бир тараптуу болгон. Бул автоунаа тыгындарынан арылтуу жана каттамдарды жакшыртуу максатында жасалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн