Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

22.01.2024 11:07
360
Бишкекте ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө


Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйыны өтүүдө.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн ушул залда мамлекеттин бүт аймактары боюнча социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абалга жооп бере турган адамдар отурат.

“Биз эки жылдан бери жакшы демилгени баштадык. Жыл башында аймак жетекчилеринен отчет алабыз, пландарды угабыз жана окутуп-үйрөтөбүз. Бул жума да сиздер үчүн өтө пайдалуу болушу керек. Бүгүн аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлорун да чакырдык. Илим менен практика бирге жүрүшү керек жана окуу жайлар жергиликтүү элдин муктаждыктарын, айрыкча кадрларга болгон муктаждыкты канааттандырууга жана аймактын өнүгүүсүнө тикелей катышууга милдеттүү”, - деди ал.

Белгилдей кетсек, жыйындын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 2023-жылга жасаган иштери боюнча отчет берип, 2024-жылга карата иш-пландарын сунуштайт. Андан соң тренинг уюштурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн