Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ЖКККББ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

13.10.2023 14:00
269
Бишкекте ЖКККББ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда


Бишкек шаарындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйыны учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө карабай, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Ведомстводон билдиришкендей, кызматкерлер авто кайгуул, мото кайгуул жана кавалериялык взвод аттар менен кайгуул кылууда.

Ошондой эле ЖКККББнын делегаттарды коштоп жүрүүчү авто унаалары жаңы кызматтык унаалар менен камсыздалып, күзөттө турган кызматкерлердин көкүрөк төшүндө боди камера менен кичи жаркылдоочу каражаттар (мини мигалка) жабдылган.

"Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар бул жогорку деңгээлдеги мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, баарыңыздарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо авто унааңыздарды айдабай турууну жана кызматкерлердин талаптарына кыйшайуусуз баш ийүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн