Бүгүн Бишкек шаарында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы астында
ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XXII отуруму өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү чогулушту.
Анда уюмга мүчө мамлекеттеринин катышуучулары өз ара кызматташуунун келечегин талкуулап, жааматтык коопсуздукту чыңдоого жана аскердик-экономикалык чөйрөдө координацияны жакшыртууга багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн