Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ЖОЖдордун бири жабылып, мүлкү мамлекетке өттү

17.08.2023 15:56
304
Бишкекте ЖОЖдордун бири жабылып, мүлкү мамлекетке өттү


Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясы (МАУПФиБ) жабылып, имараты мамлекетке өткөрүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.


Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайдын негиздөөчүлөрү Кайсира Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Алар 2003-жылы документтерди жасалмалап Бишкектин Беларусь көчөсү, 6 жана 6а даректериндеги үч кабаттуу окуу корпусун, беш кабаттуу жатаканасын жана 1,7 гектар жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алганы аныкталган.


"Ошол убакыттан бери 200 миллион сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй окуу жайды мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Прокурордук актылардын негизинде жасалма документтер жокко чыгарылып 445 миллион сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Тергөө уланууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет", —деп айтылат маалыматта.


Ал эми Билим берүү министрлиги аталган ЖОЖдун лицензиясын кайрып алды. Студенттерди башка окуу жайларга которуу каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн