Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

08.05.2021 17:57
1018
Бишкекте Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө


"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкекте Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында митинг өткөрүп жатышат. Алар анын бошотулушун талап кылышууда.


Адвокат Кантемир Турдалиевдин айтымында, буга чейин ал имаратты басып алган деп шектелген. Эми ал башаламандык уюштурган деп айыпталууда.


«Жеңишке КР Кылмыш-жаза кодексинин 264 - «Массалык баш аламандык» деген жаңы беренеси менен айыпталууда. Буга чейинки имаратты басып алуу деген 245-берене боюнча эч кандай далил болгон эмес. Алар аны боштондукка чыгышы мүмкүн деп ойлошкон. Ошондуктан алар беренени өзгөртүшкөн», - деди коргоочу.


Эске салсак, бүгүн сот Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын тандашы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн