Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:33
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бишкекте Жер ресурстары мамагенттигинин кызматкери пара менен кармалды

09.07.2024 15:27
137
Бишкекте Жер ресурстары мамагенттигинин кызматкери пара менен кармалды


КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К.А. аттуу кызматкери кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.Э.Ж. аттуу КР жаранынан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 5-июлунда Кадастр мекемесинин кызматкери Э.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн