Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

16.11.2023 16:19
343
Бишкекте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө


Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкекте боло турган жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чарага Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Андан тышкары, конференцияда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

Алгач кыргыз парламентинин 85 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлүп, андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Тагыраагы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышы 1938-жылдын октябрында өз ишин баштаганын эске салган Төрага: “Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш. Совет доорундагы жана эгемен Кыргызстандагы жаңылануулар, өзгөрүүлөрдүн бардыгы Жогорку Кеңештин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып келди. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы алгач парламент тарабынан тастыкталып, эгемендигибизди далилдеген чечимдердин бардыгы депутаттар тарабынан кабыл алынды”, – деди.

Муну менен катар 85 жылдык маарекеге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин катышып жаткандыгы да бекеринен эмес экенин белгилеп: “Анткени, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алгачкы жыйыны 1992-жылдын 16-17-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Ассамблея чейрек кылымдан ашуун мезгил аралыгында жигердүү өнүгүп, тарыхый байланышы терең өлкөлөрдүн алакасын арттырууга кызмат кылды”,– деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чечигинде мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын контролдоо багытында жигердүү иштеп келе жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Алдыбызда чоң пландар, ири жаңылануулар турат. Алардын баарын биз биргелешип ишке ашырабыз деген ишеничтемин. Жогорку Кеңеш мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган долбоорлордун башында туруп, эл аралык интеграцияны арттырууга арналган бардык демилгелерди колдоону улантат”, – деп кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн