Узакка созулган ызгаар бишкектиктердин бир топ эле шайын оодарды. Жер тамда жашаган далай жарандардын суусу тоңуп, үйүн жылыта албай кыйналгандар четинен чыгууда. Ал арада электр энергиясын пайдалануу чектен ашып, 3 фазалуу колдонуучуларга чектөө киргизилди.
Синоптиктер ушул жекшембиден тарта күн жылый турганын божомолдоодо. Кыргызгидромет эле эмес аба ырай тууралуу маалымат берген чет элдик сайттар да 10-январдан тарта Бишкекте абанын температурасы жогорулай турганын маалымдоодо. Ага ылыйык, күндүз 5 градустан 16 градуска чейин жылый турган болсо, түнкүнсүн –5, -6 градус болору маалымдалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн