Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте абанын булгануусун өлчөгөн атайын 50 аппарат коюлат

18.12.2020 11:49
525
Бишкекте абанын булгануусун өлчөгөн атайын 50 аппарат коюлат


Азия өнүктүрүү банкы Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун алкагында Бишкекке абанын булгануусун өлчөгөн 50 «Clarity Node-S» атайын жабдык тапшырды. Максат — абанын булгануу деңгээли өсүп жаткан борбор калаада жана анын тегерегиндеги райондордо абанын сапатын жакшыртуу, жашоочулардын саламаттыгын сактоо жана жашоо сапатын жогорулатуу.

Күн мурун, 17-декабрда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис МакДэйган ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигине абанын сапатын текшерүүчү 50 жаңы датчикти тапшырган.

Иш-чарага өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов жана экономика министринин орун Султан Ахматов катышты.

АӨБдөн КР өкмөтүнө гранттык негизде берилген жабдыктардын суммасы дээрлик 90 миң АКШ долларын түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн