Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды

13.12.2022 08:12
323
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды

Бишкекте денеге оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 5-декабрда саат 09:30да "102" кызматына борбордук өлүкканадан чалуу болуп, аларга белгисиз адамдын сөөгү түшкөнүн айтышкан.


Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1969-жылы туулган А.А. болуп чыккан. Анын денесинен жаракаттар аныкталган.


Аталган факты Ленин райондук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кожексинин "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Бишкек шаардык жана Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, 1971-жылы туулган К.С., 1991-жылы туулган Ы.У. жана 1986-жылы туулган И.В.лар кармалган. Сот кармалгандарга карата 1 айга камоо чечимин кабыл алды.


Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн