Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:18
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте адам уурдоого шектүү катары издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

05.06.2024 16:54
164
Бишкекте адам уурдоого шектүү катары издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды


Бишкекте адам уурдоого шектүү катары издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1990-жылы туулган Ю.Р. аттуу жаранды кармашты.

Эске сала кетсек, кармалган Ю.Р. өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен бирге 2024-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарынын Киев жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишинен Э.А. аттуу жаранды унаа салып, ээн талаада ур-токмокко алып, криминалдык общакка 200 миң сом бересин деп опузалашкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, изин жашырып кеткен Ю.Р.га карата издөө жарыяланган.

Кармалган 1990-жылы туулган Ю.Р. убактылуу кармоо жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн