Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт

23.03.2020 18:15
805
"Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт

 

"Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген. Бишкек дарыгерлери ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген.


Мындай такталбаган маалыматтарды таркаткан адамдарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн Ички иштер министрлиги эскертет.


Мыйзамды бузгандарга жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн